Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Ажылыкты уюштуруу борборунун жетекчиси болуп муфтий шайланды


“Ажылык жана умра” борборунун биринчи уюштуруу кеңешмеси болуп өттү. Анда борбордун төрагасы болуп муфтий Чубак ажы Жалилов шайланды. Борбор ажылык сапарды уюштуруу милдетин алган. Ага Жогорку Кеңештеги беш фракциядан бирден мүчө кирген. Ошондой эле коомдук уюмдардын жана муфтияттын өкүлдөрү бар.

Кыргызстан үчүн ажылыкка 4500 орун бөлүнгөн. Кыргызстан диний башкармалыгын билдиргенине караганда, быйыл Мекеге зыяратка кыргызстандыктар Сауд Арапстанга дейре учак менен түз жөнөтүлөт. (EK)

XS
SM
MD
LG