Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Кыргызстан ВИЧ тез жайылган 25 өлкөгө кирет


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында БУУнун Өнүгүү программасынын ВИЧ боюнча өкүлү Лариса Башмакова билдирди. Маалыматка ылайык, ВИЧ жаштар арасында өтө тездик менен жайылууда. Адистер муну вирусту жугузуп алуу боюнча маалыматтын жетишсиздиги менен байланыштырышат. Изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда жаштардын 70 пайыздан ашыгы ВИЧ тууралуу туура эмес маалыматка ээ.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 миң 609 адамга жетет. Алардын 80 пайызын 20-30 жашка чейинкилер түзөт. Бул илдетке чалдыккандардын көбү Чүй жана Ош менен Жалал-Абадга туура келет. (EK)

XS
SM
MD
LG