Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Конституциялык палатанын мүчөлүгүнө 11 талапкер тандалды


Бул иш алып баруу ыкмасы укук коргоочулардын нааразылыгын жараткан Сотторду тандоо кеңешиндеги бүгүнкү добуш берүүдөн кийин белгилүү болду. Алар Конституциялык палатанын мүчөсү болууга ынтызар 24 талапкердин ичинен 11ин жактырды.

Конституциялык палатага өтпөй калгандардын арасында Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү, президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Азимбек Бекназаров да бар.

Эми тандалган талапкерлер тизмеси президентке берилет, ал өз кезегинде тизмени Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылуусу керек. Конституциялык палата мүчөлүгүнө талапкерлерди иргээр алдында Сотторду тандоо кеңеши өз төрагасын кайра шайлоо чакырыгын четке каккан. Муну Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөлөрү сунуш кылышкан. Алар төрага Замирбек Базарбековдун мурдагы ишмердигин эске алганда ал бул орунга татыксыз деп эсептешет. (UE)

XS
SM
MD
LG