Ооганстанда эл аралык аскер күчтөрүнүн үч кызматкери мерт болду. Маалыматка караганда экөө бомбанын жарылышынан өлгөн. Бирөөнүн өлүмү аскерий кызматка тиешеси жок экени маалымдалды. Ассошейтед Пресс агенттигинин маалыматына караганда жыл башынан бери Ооганстанда 328 аскер жана офицер мерт болду.