Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Бекназаров Конституциялык Сотко өтпөй калды


Жогорку Соттун Конституциялык палатасына сотторду тандоо учурунда Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин колдоп 8 киши, ал эми каршы 16 киши добуш бергени маалым болду. Кечээ Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун Конституциялык палатасына 11 кишини добуш берүү жолу менен тандады. Алардын ичинен үчөө Конституциялык Соттун мурдагы мүчөлөрү.

Азимбек Бекназаров 2005-жылы баш прокурор болуп иштеген, 2010-жылы убактылуу өкмөттө сот органын жана прокуратураны көзөмөлдөгөн. Үстүбүздөгү жылдын июль айына чейин президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп туруп, өз каалоосу менен бул кызматтан кеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG