Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:00

“Ар-намыс” 13-августта жыйын өткөрөт

Аталган партиянын жетекчилеринин бири Эмил Алиевдин бүгүн “Азаттыкка” билдиргенине караганда, партиянын бул жолку конференциясынын күн тартибинде жалгыз маселе – президенттикке талапкерди аныктоо болот.

Эмил Алиев белгилегендей, “Ар-намыстын” атынан президенттикке талапкер катары чыккысы келгендер партиянын конференцияга катышуучу 40 өкүлүнүн көпчүлүгүнүн добушун алуусу керек жана бул үчүн бир эмес, бир нече талапкер аракеттенүүсү мүмкүн.

“Ар-намыс” партиясына былтыр парламенттик шайлоо алдында кошулуп, Жогорку Кеңеш депутаттыгына шайланган Акылбек Жапаров президенттикке өзүн-өзү көрсөткөн. “Ар-намыстын” лидери, мурдагы премьер-министр Фелкс Кулов өзү шайлоого катышпай турганын жарыялаган. (UE)
XS
SM
MD
LG