Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Түркия аскер күчтөрүнүн жаңы курамын бекитти


Түркия президенти Абдулла Гүл аскер күчтөрүнүн жаңы курамын бекитти. Ага ылайык Башкы штабды Нежет Өзел, жөө аскер курамын Хайры Кывыроглу, аба жана деңиз аскерий күчтөрүн Эмин Мурат Бүлгел жана Мехмет Эртен жетектешет. Өткөн аптада өкмөттөгү пикир келишпестиктерге байланыштуу төрт генерал кызмат орундарын таштап кетишкен. Алар мындай кадамды өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган баштаган Акыйкат жана өнүгүү партиясын кулатууну уюштурду деп шектелген офицерлер тобунун кармалышына каршылык иретинде жасашкан. Оппозициялык маалымат каражаттарында бул өкмөттүн аскерий жетекчиликке бийликке жакын адамдарды алып келүү аракети катары бааланууда.

XS
SM
MD
LG