Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Тез жардам кызматына кайрылгандар көбөйдү


Бишкектеги тез жардам кызматына күндүн ысыктыгына байланыштуу кайрылуулар кескин көбөйдү. Бул кызматка күнүнө орточо эсеп менен 700гө жакын кайрылуу түшсө, анын 100гө жакыны күндүн ысыктыгына байланыштуу болууда. Тез жардам кызматынын оператору Асылкан Исмаилова ысыкка байланыштуу кайрылуулар мурдагыдан эки-үч эсе көп болуп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Аптап көбүнчө жүрөк оорулуу жана кан басымы жогору адамдарга жана балдарга таасирин тийгизүүдө.

Гидрометеорология агенттигинин билдиришинче, ушул жайда эң ысык күн 12-июлга туура келип, абанын температурасы анда 39 градуска чыккан. Бирок шаар тургундары ушул күндөр өзгөчө ысык болуп жатканын айтышууда. (EK)

XS
SM
MD
LG