Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Максат Абакировго байланыштуу сот чечими күчүндө калды


Бишкек шаардык соту Максат Абакиров боюнча Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Абакиров милиция кызматкерлери арасында маркум Рысбек Акматбаев баштаган уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары таанымал.

Абакировго "курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүргөн" деген кине менен кылмыш иши козголуп, 17-июнда Биринчи май райондук соту аны 2 жыл 3 айга эркинен ажыратуу тууралуу чечимин чыгарган.

31 жаштагы Максат Абакиров 2010-жылдын сентябрында камакка алынган. 2007-жылы Балыкчы округу боюнча парламенттик шайлоого катышып, жеңишке жеткен. Кылмыш дүйнөсүндө “водолаз” деген лакап ат менен таанымал Абакиров учурда УКМКнын тергөө абагында. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз кызматынын жетекчиси Бакытбек Рысалиев билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG