Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Быйыл жол кырсыгынан 308 адам каза тапты


2011-жылдын биринчи жарым жылдыгында жол кырсыгынан 308 адам каза тапкан. Адам өлүмүнө алып келген бул жол кырсыктарынын көбү Чүй жана Ысык-Көл облустарына жана Бишкекке туура келет.

ИИМ алдындагы Жол коопсуздугу боюнча Башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдиришинче, барган сайын айдоочулардын тартиби бузулуп барат. Айдоочулардын шалаакылыгы ириде жүргүнчүлөргө зыянын тийгизүүдө.

Былтыркыга салыштырмалуу быйыл мас абалында жол кырсыгына кабылгандар 52 пайызга көп болууда. Жыл башынан бери 8439 мас айдоочу кармалган. (EK)

XS
SM
MD
LG