Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Казакпаев менен ФГРдын Кыргызстандагы элчиси жолукту


Тышкы иштер министри Руслан Казакпаев Кыргызстандагы Федеративдүү Германия Республикасынын жаңы элчиси Гудрун Мария Срэганы кабыл алып, ишеним грамоталарын тапшырды. Министр Казакпаев элчи Срэган менен 30-октябрда өтө турган президенттик шайлоо, учурдагы өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал тууралуу сүйлөштү.

Тышкы иштер министри Кыргызстан менен Федеративдүү Германия Республикасынын ортосундагы кызматташтык Европа өлкөлөрү менен болгон артыкчылыктуу багыттардан экенин белгиледи.

Өз кезегинде Германия элчиси да эки тараптуу кызматташтык деңгээлине оң баасын берип, өлкөдөгү демократиялык жараяндарды ФГР колдоого аларын айтты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG