Бул тууралуу БШК мүчөсү Нурмамамат Ашимов бүгүн Ошто журналисттер үчүн өткөн тренингде билдирди. Ашимов буга байланыштуу БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдогонун ачыктады. Кайрылууда "ММК тууралуу" мыйзамдын биринчи беренесине түшүндүрмө берүү өтүнүчү камтылган. Бул маалыматты “Азаттыкка” БШКнын басма сөз кызматы да тастыктады.
Президенттик шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүү үчүн БШК 21-июлда 11 интернет агенттиктерин каттабай, 143 жалпыга маалымдоо каражатын каттоодон өткөргөн. Алардын кыркы телерадиокомпания болсо, 103ү мезгилдүү басылмалар.
30-октябрда өтчү президенттик шайлоонун алдындагы үгүт өнөктүгү 25-сентябрда башталат. (EK)