Киевдин Печерск райондук соту Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенкону камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.
Тимошенко буга чейин эч жакка чыкпоо тууралуу берген тил каттын камакта кармоого алмашуусуна прокурордун "айыпталуучунун системалуу түрдө сот жараянын үзгүлтүккө учуратканы, айрыкча күбөлөрдү суроого тоскоолдук кылганы үчүн" деген өтүнүчүн ишти караган сот Родион Киреев орундатты. Тимошенко сот залынан камакка алынды.
Тимошенко сот аны 24-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарарын, бул боюнча президент Виктор Янукович көрсөтмө бергенин сот отуруму баштала электе айткан.
Жум күнкү сот жыйынында украин премьер-министри Николай Азаров күбө катары көрсөтмө берип, Тимошенко Орусия менен кол койгон келишимде Украинага саткынчылык кылганын айтты.
Тимошенко 2009-жылы өкмөттү жетектеп турганда Орусиядан газ сатып алуу боюнча кол койгон келишимде өлкө казынасына 190 миллион доллар чыгаша алып келген деп айыпталууда.
Тимошенконун адвокаты Юрий Сухов райондук соттун чечимине каршы доо арыз менен жогорку баскычтагы сотко кайрыла тургандыгын билдирди.