Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Президент мамлекеттик мүлк министрин дайындады


Президент Роза Отунбаеванын жардыгына ылайык, Дайыр Кенекеев мамлекеттик мүлк министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

30-июнда Жогорку Кеңеш Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин колдогон. Июнь айынын ортосунда мамлекеттик мүлк министри болуп келген Нурдин Илебаев өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Натыйжада Кенекеев министрдин милдети аткаруучу кызматын аркалап келген. Мындан тышкары аталган министрликке караштуу Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу фондун да жетектеген. (KKs)

XS
SM
MD
LG