Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

Бишкекте Үркүндүн 95 жылдыгы эскерилет


Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бишкекте 1916-жылкы улуттук-боштондук күрөшүнүн 95 жылдыгына арналган иш-чаралар башталды.

Маалыматка ылайык, бүгүн мамлекеттик тарых музейинде Үркүн жөнүндө тарыхый-архивдик документтердин көргөзмөсү ачылат. 8-августта Улуттук китепканада китеп көргөзмөсү өтөт.

Быйыл кыргыздардын падышалык Орусиянын эзүүсүнө каршы көтөрүлүшүнө 95 жыл толууда. 1916-жылкы бул көтөрүлүштө кеминде 170 миңдей адам набыт болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG