Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Президент болом дегендер 34кө жетти


Боршайкомдун басма сөз кызматы билдиргендей, 5-августта БШКга убактылуу жумушсуз Муканбайжан Айманбаевден жана “Айылдык кеңеш берүү кызматы” коомдук фондунун координатору Качкынбай Кадыркуловдон арыз түштү. Натыйжада президент болом дегендердин саны 34кө жетти. Президенттикке талапкер болууга умтулгандардын 27си өзүн-өзү көрсөтсө, жетисин саясий партиялар сунуш кылышкан.

Президенттикке талапкер каттоодон өтүп, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн 30 миң кол топтоп, 100 миң сом БШКга төгүшү керек. Ошондой эле бардык талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө тийиш. Президенттик шайлоого катышууну каалагандар 15-августтун кечине чейин БШКга расмий кайрылууга тийиш. Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. (KKs)

XS
SM
MD
LG