Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Бишкекте Хиросима жана Нагасаки каргашасы эскерилүүдө


Мындан 66 жыл мурда Жапониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларындагы атомдук бомбалоону эскерүү иш-чарасы Бишкектеги кыргыз-жапон борборунда өтүүдө. “Тынчтык күнү” деп аталган бул иш-чаранын алкагында өзөктүк бомбанын курмандыктары эскерилип, катышуучуларга даректүү тасмалар тартууланууда. Мындан тышкары эскерүүгө келгендер кагаздан турналарды жасашып, Жапонияга жиберишмекчи.

1945-жылы 6-август күнү АКШ Жапониянын Хиросима шаарына өзөктүк бомба таштаган. Бул жерде бир ай ичинде көз жумгандардын саны 140 миңге жеткен. Үч күндөн кийин, 1945-жылдын 9-августунда жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат 11ден 2 мүнөт өткөндө өзөктүк бомба Нагасаки шаарына ташталган. Андан шаарда 80 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.

Жапониянын Нагасакиге бомба ташталгандан бир аптага жетпеген убакыт ичинде багынуусу Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына алып келген. (KKs)

XS
SM
MD
LG