Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Баткендиктер өзбектерден сууну ачкыла деп жатышат


Баткен облусундагы Апкан айылынын тургундары Өзбекстан тарап жаап салган “Дивайрам” бекетин тезирээк ачуу талабын кыргыз өкмөтүнө билдирүүдө. Аталган айылдын тургуну Алмаз Шакировдун “Азаттыкка” кабарлашынча, чек ара бекетинин жабылышы менен каттам кыйындап жатат. Мындан тышкары Өзбекстан тарап суу берүүнү токтоткондон бери күрүч талаалары күйүп кетүү коркунучунда турат. Мындан улам тургундар өкмөт өкүлдөрү Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү керектигин айтып, болбосо жол жабуу аракеттери уланаарын эскертишүүдө. Апкан айылында 200дөй кожолук бар.

Чек ара кызматы маалыматына ылайык, 1-августта Өзбекстан тарап “Дивайрам” чек ара бекетин жаап салган. Натыйжада Баткендеги Сох анклабына чектеш жайгашкан Апкан жана Бөжөй айылдарынын тургундарынын ары-беир катташы кыйындаган. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар Өзбекстанга тиешелүү Сох анклавына кете турган чоң жолду тосуп алышкан. Ага жооп кылып Өзбекстан тараптагы жашоочулар аталган айылга келчү сууну буушкан.

Өзбекстан тарап Баткендеги Бүргөндү аймагында жайгашкан “Газпром” чек ара бекетин кыргыз тарап ачса, алар “Дивайрам” бекетин ача турганын билдирүүдө. Жол тоскон кыргыз айылдарынын тургундары “Газпромдун” ачылышына да каршы чыгып, Бүргөндүдөгү өзбек тарап иштеткен газ куурларынын Кыргызстанда калышын талап кылышууда. Учурда абалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG