Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

“Ар кайсы тилде сүйлөйбүз” акциясы башталат


Бүгүн кечке жуук Бишкектеги Ала-Тоо аянтында “Ар кайсы тилде сүйлөйбүз” аттуу иш-чара өтөт. “Бродвейдин кайра жаралышы” долбоорунун алкагында уюштурулган бул иш-чаранын катышуучулары баарына түшүнүктүү деп эсептелген театр, музыка, бойоктор тилинде пикир алышмакчы. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” билдиришинче, бул маданий иш-чара акысыз тартууланып, ага каалаган жаран күбө боло алат.

Шаардык тургундарга маанай тартуулоону максат кылган бул оюн-зоокко чет өлкөдөн да коноктор катышат. Алардын катарында “Стрекоза” чыгармачыл тобу, “Эски Маджет” өзбек театры, Caspian caravan квартети да бар.

“Бродвейдин кайра жаралышы” долбоорунун алкагында Бишкекте буга чейин ушул өңдүү эки иш-чара өткөн. Бул көркөм-өнөр көрсөтүүлөрүн t’аrt сүрөтчүлөр тобу, “GALA театры” жана “Ковчег” аттуу адабий уюмдун өкүлдөрү уюштурууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG