Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, учурда Орусиянын Салават шаарынан бензиндин жогорку сапаттагы түрлөрү үзгүлтүксүз келип жатат. Натыйжада өлкөдө май тартыштыгы болбойт.
1-июлда Орусиянын Омск мунай иштетүүчү ишканасы Кыргызстанга бензин берүүнү токтоткондо өлкө ичинде май тартыштыгы келип чыккан. (KKs)
1-июлда Орусиянын Омск мунай иштетүүчү ишканасы Кыргызстанга бензин берүүнү токтоткондо өлкө ичинде май тартыштыгы келип чыккан. (KKs)