Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Иранда ысыкта суу чачышкан улан-кыз камакка алынды


Полиция өлкөнүн түштүгүндөгү деңиз курортунда суу чачышкан 17 улан-кызды кармап кеткенин Ирандын мартабалуу сот өкүлү билдирди. Жума күнкү окуяда кармалгандардын бешөө ошол замат, 12си жекшембиде күрөөгө бошотулду. Аларга күн 43 градуска чейин ысып жаткан Бандар Аббас шаарында суу чачышканы үчүн "арам иш кылды" деген айып коюлушу мүмкүн.

Жума күнү Тегеранда да "Фейсбук" интернет сайты аркылуу уюшкан жаштар көлмөдө суу чачып ойногондон кийин 10 улан-кыз кармалган эле. Ирандын адеп-ахлак полициясынын башчысы генерал Ахмад Рузбахани мындай кыймыл-аракеттер кайталанса, полиция бүт өлкө боюнча дароо чара көрөт деп эскертти.

XS
SM
MD
LG