Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Европанын Борбордук банкы баалуу кагаздар базарына кийлигишет


Банк өз билдирүүсүндө Евроаймактын үчүнчү жана төртүнчү ири экономикалары, учурда бюджет таңкыстыгына кабылган Италия менен Испаниянын мамлекеттик бонддорун, башкача айтканда карыздарын сатып алууну баштоого даярдыгын ишара кылды.

Мунун алдында кечээ немис канцлери Ангела Меркел менен француз президенти Николя Саркози Европанын бирдиктүү акчасы – еврону колдоо багытында экономикалык чараларды көрүүгө чакырган.

Бүгүн "Чоң жетиликке" кирген өлкөлөрдүн каржы мекемелеринин өкүлдөрү баалуу кагаздар базарындагы соңку олку-солкулуктарга байланыштуу борбордук банктар ортосундагы координацияны күчөтүү маселесин талкуулаганы турат.

XS
SM
MD
LG