Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

АКШ Түркиядан Сирияга кысым көрсөтүүнү суранды


Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглыдан алдыдагы иш сапары учурунда Сирияга “аскерлерин казармаларга кайтаруусу үчүн” кысым көрсөтүүнү өтүндү. Эртең Сирияга бара турган түрк тышкы иштер министри менен АКШнын Мамлекеттик катчысы телефондон сүйлөштү.

Учурда эл аралык коомчулуктан Сириянын дарегине демонстранттарга каршы күч колдонууну токтотуу жөнүндөгү чакырыктар күчөөдө. Түркиянын тышкы иштер министринин айтымында, ал Сирия бийликтерине расмий Анкаранын “чыдамы түгөнүп бара жатканын“ айтмакчы. Соңку жылдары Дамаск менен алакасы жакшырган Анкара Сирияда элдик толкундоо чыкканда президент Башар Ассады реформа жүргүзүүгө үндөгөн, бирок аны кызматтан чегинүүгө чакырган эмес.

XS
SM
MD
LG