Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Далай Ламанын мураскери кызматына расмий киришти


Лобсанг Сангай
Лобсанг Сангай
Бүгүн Тибеттин сүргүндөгү өкмөтүнүн башчысы катары ант берген Лобсанг Сангай 43 жашта, тарыхый мекенинде эч убакта болгон эмес. Ал Далай Ламаны тибеттиктердин кыймылынын саясий лидери катары алмаштырууда. Далай Лама руханий лидер катары кала берет.

Ант берүү аземи Индиянын Дарамсала шаарында өттү. Тибеттин сүргүндөгү өкмөтү ушул жерде жайгашкан. Индиянын түндүгүндө туулуп-чоңойгон Лобсанг Сангай Дели университетин, андан кийин АКШдагы Гарвард университетин бүтүргөн. АКШда жашоо укугун алып, Гарвард университетинин укук мектебинин улук иликтөөчүсү катары иштеп келген.

XS
SM
MD
LG