Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Жалал-Абадда маңзат кылмыштары өсүп жатат


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Мелис Шералиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, быйыл алты айда облуста маңзатка байланыштуу 78 кылмыш катталды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 42 фактыга көп. Жарым жыл ичинде облус боюнча 53 килограммдай маңзат алынды. Алардын ичинен гашиш 6,5 кг, марихуана 45 кг.

Быйыл кара куурайды жок кылуу операциясы маалында жергиликтүү эл менен жаңжалдар болгон жок. Былтыр Жалал-Абаддын Токтогул районунда кара куурайга каршы операция маалында жергиликтүү эл менен милиция кызматкерлери кагылыша кеткен болчу. (EBM/KKs)

XS
SM
MD
LG