Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Суусу жана свети жок акжарлыктар жол бууду


Бишкек четиндеги Ак-Жар конушунун тургундары бүгүн нааразылыкка чыгып, конуштун жанындагы чоң жолду тосуп турушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” конуштун жашоочусу Роза Абдыгулова билдирди. Анын айтымында, чогулгандар өкмөттөн жер тилкелери боюнча чечим чыгарып, электр зымдарын чоюп берүүнү талап кылышууда.

Абдыгулова билдиргендей, бул нааразылык акцияга конуштун 500дөй тургуну катышууда. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыктай элек. Чогулгандарга Аламүдүн районунун акимчилигинин өкүлдөрү келип түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ак-Жар жаңы конушу 2005-жылдан кийин түптөлө баштаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG