Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

9-августта айрым жерлерде өткүн өтөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 9-августта Кыргызстандын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34, Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28, Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 10…15 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градус болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG