Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:00

Нарында Жетим-Тоо темир кенин коргоп чыгышты


Жетим-Тоо темир кени чет өлкөлүк инвесторлорго берилет деген маалыматты уккан Нарын шаарынын айрым тургундары бүгүн нааразылык акцияга чыгышты. Алардын бири Бактыгүл Жумабаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, нарындыктар Жетим-Тоо кенинин сатылышына каршы чыгып, жакын арада “Жетим Тоону коргойлу!” деген акция уюштурганы турат. Мындан тышкары 10-августтагы Жогорку Кеңеш депутаттары менен жолугушууда бул маселени көтөргөнү жатышат.

Буга чейин интернеттеги бир катар маалымат каражаттары жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенамановго шилтеме кылып, кыргыз өкмөтү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу үчүн Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин, мындан тышкары Терек-Сай, Сандык өңдүү кен аймактарын чет өлкөлүк инвесторлорго берерин кабарлашкан.

Бүгүн өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бул айтылгандарды четке кагып, мындай маалыматты таркаткан министрге сөгүш берген. Атамбаев бул кен аймактарын чет өлкөлүк инвесторлорго берүү боюнча өкмөт токтом кабыл албаганын ачыктаган. (ErB/KKs)

XS
SM
MD
LG