Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Жаратылыш ресурстары министрлиги тактайт


Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн билдирүү таратып, “өкмөт Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу үчүн Жетим-Тоо, Сандык жана Терек-Сай кендерин чет өлкөлүк инвесторлорго берүү токтомун кабыл алган” деген сөздөрдү четке какты.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов Tazabek басылмасына курган маегинде 2009-жылдагы өкмөттүн токтому жөнүндө айткан. Ал токтомдо аты аталган кендерди иштетүү укугу өкмөттүн чечимине жараша берилери жазылган.

Буга чейин интернеттеги Tazabek басылмасы жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов менен маекти жарыялап, анда кыргыз өкмөтү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу үчүн Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин, Терек-Сай алтын кенин жана Сандык алюминий кенин чет өлкөлүк инвесторлорго берери, бул боюнча токтом чыкканы кабарланган.

Мындан улам премьер-министр Алмазбек Атамбаев министр Замирбек Эсенамановго сөгүш берип, мындай маалыматты берүүсүн жоопкерчиликсиз аракет катары баалаган. Өкмөт башчы бул темир жол Кыргызстанга канчалык керек болсо да, кен аймактары эч кимге берилбей турганын кошумчалаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG