Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Аскердин өлүмүн акыйкатчы көзөмөлгө алат


29-июлда Түп районуна караштуу “Каркыра” чек ара бекетинде өзүн-өзү өлтүргөнү кабарланган Эрлан Мамытовдун ишин акыйкатчы Турсунбек Акун өз көзөмөлүнө алат. Бул тууралуу омбудсмендин басма сөз кызматы кабарлап, "Аскер энелердин" комитети жана бир катар бейөкмөт уюмдар Мамытовдун өзүн-өзү өлтүргөнүнө ишенбей жатканын билдирүүдө.

Буга чейин Чек ара кызматынын Тарбия иштери боюнча башкармалыгы Эрлан Мамытов киши колдуу болгон эмес деген билдирүү тараткан. Мамытовдун өлүмү боюнча учурда Аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG