Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

“Сезим” ижара акысын төлөй албай жатат


“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын “Азаттыкка” билдиришинче, аталган борбор имаратынын ижара акысын төлөй албай жатат. Буга чейин имарат бекер берилген болсо, Бишкек шаардык кеңешинин чечимине ылайык, жыл башынан бери борбор ижаранын 50 пайызын төлөөгө милдеттендирилген.

Рыскулова борбордун мындай каражаты болбогондуктан, имарат маселесин чечип берүүнү шаардык бийликтен өтүнүүдө. Өз кезегинде шаардык кеңеш мындай чечимин бюджеттин тартыштыгы менен түшүндүрүүдө.

“Сезим” кризистик борбору 1998-жылы түзүлүп, үй-бүлөдө зордук-зомбулукка кабылган аялдарга, балдарга башпаанек берип, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүп келет. Жыл сайын кризистик борборго 3,5 миң адам кеңеш сурап кайрылат. (KKs)

XS
SM
MD
LG