Лондондо «массалык тополоңго катыштыгы бар» делинип камакка алынгандардын саны 160ка чыкты. Англиянын ордо шаарында топтошкон жаштар менен кагылышууда 35 полиция кызматкери жаракат алды. Мындан тышкары дүкөндөр талкаланып, имараттар өрттөлүп, автоунаалар жарактан чыкты. Талап-тоноочулук да катталды.
Көчөгө чыккандар Марк Дагган ысымдуу жергиликтүү тургундун 4-августта полиция менен кагылышууда ок жеп каза табышына нааразылык билдиришкен. Полициянын маалыматына караганда, ал полиция кызматкерлери менен атышуу учурунда каза тапкан.
Олуттуу массалык башаламандык Лондондун 2012-жылы олимпиадалык оюндар өтүүчү жайына 8 чакырым жакын Тотенэхем районунда күчтүүрөөк болгон.