Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:05

Өрттөлгөн милиция бөлүмүнүн ордуна жаңысы курулат


Кара-Суу районунун Нариман айылындагы өткөн жылкы июнь коогалаңында өрттөлүп кеткен милиция бөлүмүнүн ордуна жаңы эки кабаттуу имарат курула баштады. Ош жана Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүү дирекциясынан маалымдашкандай, милиция бөлүмү менен бирге паспорт стол да курулат, курулуштун жалпы чыгымы 39 млн. 966 миң сомду түзөт. Курулуш ишин "Түштүккурулуш" ишканасы жүргүзүүдө, имарат ушул жылдын ноябрь айында ишке берилери күтүлүүдө.

Кара-Суу районунун Нариман айылындагы милиция бөлүмү июнь коогалаңында толугу менен күйүп кеткен. Ал эми Кара-Суу райондук милиция башчысы Адылбек Султанов айдоочусу Уран Шамурзаев экөө мыкаачылык менен өлтүрүлүшкөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG