Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:32

Кризистик жыйында Британиядагы башаламандыктар талкууланат


Кыянатчылыктар менен талап-тоноолор, бүгүн эртең мененки маалыматтарга караганда, борбор Лондондон тышкары кеминде дагы үч шаарда - Бирмингем, Ливерпул жана Бристолдо орун алууда.

Кечээ өрт коюулар жана полиция менен жаштардын ургалдуу кагылыштары Лондондун бир катар аймактарында болгон.

Соңку окуяларга байланыштуу британ премьер-министри Дэвид Камерон эмгек өргүүсүн токтотууга аргасыз болду. Бул тууралуу премьер-министрдин кеңсеси кабарлады. Бүгүн ал өкмөттүн кризистик комитетинин жыйынын өткөргөнү жатат.

Полиция башаламандыктарды токтотуу аракетинде Лондондо 330тан ашуун, Бирмингемде 100дөй кишини камакка алды. Азыркы көрүнүштөр британ борборунда акыркы отуз жылдагы эң ири башаламандык катары каралууда.

Тополоң өткөн ишембиде Лондондун жакыр жана ар кайсы улуттун өкүлдөрү жашаган Тоттенхэм районунда 29 жаштагы жергиликтүү тургун каза тапкандан кийинки нааразылык акцияларынын артынан башталган. Ал полициянын колунан ок жегендей.

Полиция коопсуздук күчтөрү башаламандыкты басууга тартылып жаткандыктан футбол клубдарына Лондондо мелдештерди өткөрбөй турууну буйруду.

XS
SM
MD
LG