Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 09:15

Акжарлыктар бууган жол ачылды


Бишкек четиндеги Ак-Жар конушунун тургундарына милиция кызматкерлери жол бөгөөгө мүмкүнчүлүк берген жок. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, азыр тартип коргоо органдары чоң жол жээгин кайтарып турушат. 100-150 чамалуу Ак-Жар тургуну түштөн кийин келери айтылган өкмөт өкүлдөрүн күтүп жатышат.

Аламүдүн районуна караган Ак-Жар конушунун тургундары жер тилкелери боюнча чечим чыгарып, электр зымын тартып берүү талабы менен кечээ жол буушкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG