Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

10-августта айрым жерлерде өткүн өтөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 10-августта Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29, Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27, Баткен облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 27…29 градус болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG