“Жалал-Абаддагы 10-колонияда жолдошун көргөнү келген аял зордукталды” деген маалымат жалган экенин “Азаттыкка” Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкулов билдирди. Анын айтымында, бүгүн бул маалымат таркары менен Жаза аткаруу кызматы текшерүү жүргүзүп, аймакта мындай факт катталбаганын, ал түгүл түрмөдө зордукталдым деп эч бир аял тартип коргоо органдарына кайрылбаганын билдирди.
Бүгүн эртең менен айрым интернеттеги басылмалар зыяратка келген аял 10-колонияда зордукталды деп жазып чыгышкан. (KKs)
Бүгүн эртең менен айрым интернеттеги басылмалар зыяратка келген аял 10-колонияда зордукталды деп жазып чыгышкан. (KKs)