7-апрель окуялары боюнча бүгүнкү соттук отурумда мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Калыевдин жактоочусу Руслан Далаев билдирди:
“Айрым чектөөлөр менен үй камагына бошотулду. Ал кечки саат ондон таңкы алтыга чейин үйдө болушу керек. Күндүз болсо шаардын чегинен чыкпайт. Эгер башка облустарга чыгам десе, соттун макулдугун алышы керек. Конкреттүү адамдар менен жолугуп, маалымат каражаттарына чыкпашы абзел”,-деди Далаев.
Маалыматка ылайык, мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев диабет, үчүнчү даражадагы гипертония менен ооруганы тастыкталды. Буга чейинки соттук жараянда дарыгерлер да көрсөтмө беришип, Калыевдин абалы начар экендигин, Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайында кала албай турганын билдиришкен.
Ошондой Жогорку Кеңештин алтымыштай депутаты Калыевдин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү соттон өтүнүшкөн. Бул жагдай жабырлануучу тараптын нааразылыгын жараткан.
Апрель окуялары боюнча сот эртең уланат. Бул соттук жараянда былтыркы 7-апрель окуяларындагы ок атууларга жана мурдагы бийлик тушундагы мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар делген 28 адамга айып тагылууда. (KKs)