Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Ливия бийлиги 85 карапайым кишинин өлүмү үчүн НАТОну күнөөлөдү


Ливия бийлигинин өкүлү Мусса Ибрагим 9-августта өлкөнүн батышындагы Муаммар Каддафинин аскерлери менен козголоңчулардын кагылышуусу жүрүп жаткан Злитен шаар жанындагы айылга жакын жерде асмандан сокку уруу учурунда 85 жергиликтүү тургундун каза таап, анын ичинде 30 бала набыт болду деди. НАТО башчылыгы азырынча Каддафинин өкүлүнүн билдирүүсү боюнча эч кандай маалымат айта элек.

Ливия бийлиги март айынан НАТО өлкөгө абадан сокку ура баштагандан бери жүздөгөн карапайым кишилер набыт болгонун айтып жатышат. Ал эми бул боюнча бейтараптан маалымат тастыкталган эмес.

XS
SM
MD
LG