"Жарандык коом коррупцияга каршы", "Күч түзүмдөрүнүн биримдиги" жана "Аскер жана тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин укугун коргоо комитети" 9-августта ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге кайрылуу жолдоп, 7-апрель окуясы боюнча соттун катышуучуларынын коопсуздугун коргоону күчөтүү талабын коюшкан. Кайрылуу ээлери сот коопсуздугун камсыз кылып жаткан милиция кызматкерлери тиешелүү жабдыктар менен жетиштүү жабдылбаганын белгилеп, ар кандай кооптуу окуялар болгон учурда бири-бири менен гана эмес, жетекчилик, көмөкчү группалар менен байланышуу мүмкүнчүлүгү жок экенине тынчсызданууларын билдиришкен. Укук коргоочулар бул ишке министр өзү жеке кийлигишүүгө тийиш деп эсептешет.
7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүү болуп жаткан Спорт сарайынын жанында жардыруу болгондон кийин сот жаза аткаруу башкармалыгынын көзөмөл департаментинин имаратына жылдырылган. (ZKo)
7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүү болуп жаткан Спорт сарайынын жанында жардыруу болгондон кийин сот жаза аткаруу башкармалыгынын көзөмөл департаментинин имаратына жылдырылган. (ZKo)