Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Президент соттор кандай тандалганын талкуулайт


Жыйынга Жогорку Кеңештеги фракция башчылары, сот системасынын жана жарандык коом өкүлдөрү чакырылган. Анда соттук корпусту куроого байланышкан маселе каралат.

Президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаровдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, мамлекет башчы Сотторду тандоо кеңешинин Конституциялык палатага жана Жогорку Сотко тандалган талапкерлер боюнча маалыматын угат.

Өткөн аптада Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатага жана Жогорку Сотко судьяларды тандаган. Жарандык коом өкүлдөрү жана тандоого катышкан судьялар бул жараян акыйкат болгон жок деп, нааразылыктарын билдиришкен болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG