Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Шайлоочулардын тизмесин тактоо иши кечеңдөөдө


Бул тууралуу президенттик шайлоону өткөрүүдө аймактык шайлоо комиссияларына жардам берүү боюнча республикалык комиссиянын кечээ күнкү отурумунда БШК төрагасы Туйгунаалы Абдыраимов билдирди. Анын айтымында, жаңы мыйзамга ылайык, шайлоочулардын тизмесин тактоо БШКнын милдети. Бирок тизмени жергиликтүү администрациялар бериши керек. Бул үчүн мыйзамда каралган мөөнөт - 14-июль болчу. БШК төрагасы белгилегендей, жергиликтүү администрациялардын көпчүлүгү муну жасашкан жок.

Бул жолку шайлоодо кыргызстандыктар катталган жери боюнча гана эмес, жашаган жеринен да добуш берүү укугуна ээ болгон. Шайлоочулардын жалпы саны жана тизмеси өткөн парламенттик шайлоодо да тынчсызданууларды жараткан эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG