Бул тууралуу президенттик шайлоону өткөрүүдө аймактык шайлоо комиссияларына жардам берүү комиссиясынын кечээ күнкү отурумунда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев маалымдады. Анын айтымында, жаңы мыйзамга ылайык чет өлкөдөн шайлоого катышуу үчүн консулдук каттоого туруу талап кылынат. Тышкы иштер министри белгилегендей, Казакстанда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар жүз миңдей, Орусияда ишке расмий уруксат алгандардын саны эле 120 миңге жетет, мыйзамсыз иштегендери мындан көп. Президенттик шайлоо учурунда Орусияда үч, Казакстанда эки гана шайлоо жайы уюштурулмакчы. Мындай шартта жүз миңдеген жарандар добуш бере албай калышы мүмкүн.
30-октябрга белгиленген быйылкы президенттик шайлоодо 23 өлкөдө 29 шайлоо бекети уюштурулат. Шайлоо жөнүндөгү жаңы мыйзам боюнча участкалар Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн аймагында гана иштей алат.
Бул аралыкта кечээ күндүн жыйынтыгы боюнча президент болгусу келгендердин саны 43кө жетти. Талапкерлерди көрсөтүү жараяны 15-августта аяктайт. (ZKo)