Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

9-октябрда айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот


Президент Роза Отунбаеванын жардыгына ылайык, 9-октябрда Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо болот. Бул шайлоолор айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүнүн аякташына байланыштуу өткөрүлүүдө.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шайлоолор Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештерине, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көкирим, Атай айылдык кеңештерине, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Көнөрчөк, Жерге-Тал айылдык кеңештерине, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешине, Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешине, Ош шаардык кеңешине дайындалды.

Шайлоону өткөрүү милдети жергиликтүү бийликке жана БШКга жүктөлдү. (KKs

XS
SM
MD
LG