Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Зилзаладан жабыркагандарга гумжардам берилет


Эртең зилзаладан жабыркаган Баткен жана Ош тургундарына 36 тонналык гуманитардык жардам берилет. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, азык-түлүк түрүндөгү бул жардам Кыргызстандын Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт комитети менен Human Appeal International эл аралык кайрымдуулук кору тарабынан көрсөтүлүп жатат. Анын алкагында 2500дөй үй-бүлө күнүмдүк турмушка керектүү азык-түлүк менен камсыз болушмакчы.

20-июлда очогу Баткен облусунда жайгашып, күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын кесепетинен Баткен, Ош облустарында 800дөн ашык турак-жай кыйроо абалына келген. (KKs)

XS
SM
MD
LG