Эки күндүк соода форумуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Кытай, АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн 350дөн ашуун катышуучу жана 277 ишкана катышат.
Иш-чаранын ачылышына Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен катышмакчы.
Борбор Азия соода форуму кичи, орто жана ири ишкерликти бириктирүүгө, эл аралык базарларды өздөштүрүүгө, муну менен экспорт мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт деп белгилешет уюштуруучулар.
Бул иш-чара ЮСАИДдин Борбор Азиядагы ишканалардын экспорттук мамилесин өнүктүрүүгө багытталган атайын долбоору боюнча өткөрүлүүдө. Иш-чара Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасында болот.(ZKo)