Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Эки жылда 505 наристе ара төрөөдөн чарчап калган


Акыркы эки жылда 500дөн ашуун ара төрөлгөн наристе чарчап калган. "Булардын ичинен 319 ымыркайдын салмагы 1,5 килого да жеткен эмес" деп айтылат Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматта. Анда айтылгандай бул Бишкектеги шаардык перинаталдык борборунан алынган гана маалымат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн аталган борбордо ара төрөлгөн балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн керектелүүчү 17,5 млн. сомдун дары-дармек гуманитардык жардам катары берилерин маалымдоодо. Гумжардамды саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков кабыл алат.

Адистердин белгилешинче, балдардын ара төрөлүшүнүн көбөйүшүнө экологиянын бузулушу, энелердин тиешелүү витаминдерге бай тамактарды тойо жебегени, социалдык абал таасирин тийгизүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG