Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

БАЭге Көлбаевди экстрадициялоо өтүнүчү жөнөтүлдү


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү делген Камчы Көлбаев менен Адилет Касеновду экстрадициялоо өтүнүчүн Бириккен Араб Эмираттарынын тиешелүү органдарына жөнөттү. Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Алманбет Анапияев боюнча өтүнүч документтер толук даярдалып бүтө электигине байланыштуу жибериле элек.

Кыргызстан бул өтүнүчүн 2000-жылы 15-ноябрда кабыл алынган БУУнун Улуттар аралык уюшма кылмыштуулукка каршы конвенциясынын негизинде жөнөтүүдө. Бул конвенцияны Кыргызстан да, БАЭ да кабыл алган.

Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү делген Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов Бириккен Араб Эмираттарында "зергер буюмдар дүкөнүн тоноду" деген шек менен 18-июлда колго түшүрүлгөн. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги эки өлкө ортосунда тийиштүү келишим жок болгондуктан бул адамдар үчүнчү өлкөнүн жардамы менен гана экстрадицияланышы мүмкүндүгүн билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG