Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Президент инвесторлорду туризм тармагына чакырды


Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азия соода форумунда сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева Кыргызстан соңку мезгилде туризм тармагына көп көңүл буруп жатканын билдирип, инвесторлорду бул багытта иштешүүгө үндөдү:

“Биз инвесторлорду туристтик тармакка акча салууга чакырабыз. Бизде азыр Тамчы аэропорту гана болгону менен, Тамга, Каракол аэропортторун кайра калыбына келтирүүгө аз эмес мүмкүнчүлүгүбүз бар”,-деди Отунбаева.

Мындан тышкары президент Кыргыстанда экономиканы өнүктүрүү үчүн потенциал бар экенин белгилеп, Кыргызстан сымап өндүрүү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда, алтын сатуу боюнча онунчу орунда экенин билдирди.

Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азия соода форумуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Кытай, АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн 350дөн ашуун катышуучу жана 277 ишкана катышууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG