Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:00

Бардык абактарда мониторинг жүргүзүлөт


Жаза аткаруу кызматынын алдындагы коомдук байкоочу кеңеш 15-августтан тарта Кыргызстандагы бардык абактарда мониторинг жүргүзөт. Бул тууралуу Коомдук байкоочу кеңештин төрайымы Чолпон Өмүракунова маалымат жыйынында билдирди. Андан тышкары жаза өтөө мекемелеринде орун алганы айтылган соңку айың-кептер боюнча да коомдук иликтөө жүргүзүлөт. Бул иликтөөлөрдүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Буга чейин Жалал-Абаддагы колонияда зыяратка келген аял зордукталганы тууралуу маалымат тараган.

9-августта Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкулов аймакта мындай факт катталбаганын, ал түгүл түрмөдө зордукталдым деп эч бир аял тартип коргоо органдарына кайрылбаганын "Азаттыкка" билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда ондон ашык түрмө, алты тергөө абагы бар. Кыргыз түрмөлөрүндө 15 миңдей адам кармалып турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG